Жума күнү кечиндеги жардырууда өздөрүн "Донецк Элдик Республикасы" (ДНР) атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко өлдү. Маалыматты ДНР жетекчилиги да расмий ырастады.
"Интерфакс" агенттиги өз булактарына таянып, кылмышка шектүү бир нече адам кармалганын, алар "украиналык диверсанттар" деп айтылып жатканын маалымдады.
Маалыматтарда жардыруу Донецктин чок ортосундагы "Сепар" ресторанында болгон.
Жардыруудан жикчилдердин дагы бири лидери - Александр Тимофеев жабыркаганы кабарланууда.
2014-жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облусун Орусия колдогон жикчилдер өз ара республика атап алышкан. Ошондон бери борбордук өкмөткө баш ийбей, украин аскерлери менен согушуп келе жатышат.
БУУнун эсеби боюнча Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында тутанган куралдуу кагылышуулардан ушул күнгө чейин 10300 ашуун адамдын өмүрү кыйылды.