Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Москвада Эгемендик майрамы белгиленди 


Иллюстрация
Иллюстрация

31-августта орус калаасындагы кыргыз диаспорасы Кыргызстандын эгемендигинин 27 жылдыгын белгиледи.

Мааракеге теги кыргызстандык, учурдагы Мамдуманын депутаты Геннадий Онищенко да катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

- Бүгүн биз белгилеп жаткан майрамдык күн эки ача сезимдерди жаратат. Биз мурда советтик чоң өлкө болгонубузду унутпашыбыз керек. Азыр деле Орусияда бир миллиондой кыргызстандык иштеп, окуп, жашап жатышат. Биздин бабалар калтырган бул бийик достукту кылымдарга сактап калабыз деп ишенем, - деп белгилеп өттү Онищенко.

Москвадагы кыргызстандыктарды эгемендик майрамы менен Орусия элдеринин ассамблеясынан Назиржон Абдуганиев, өзбек, тажик, татар, башкыр диаспорасынын өкүлдөрү куттукташты.

Майрамдык кечеге Москвадагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери, коомдук уюмдардын жетекчилери жана орус калаасында иштеген эки жүздөй мекендеш катышты.

Салтанат «Москва кайрыктары» адабий клубунун, «Сармерден», «Ала-Тоо» фольклор тобунун жана манасчы, элдик ырчы-бийчилердин оюн-зоок, чыгармалары менен коштолду.

Маараке шаардагы Екатерининск бакчасында өттү. Иш-чараны Орусиянын баш калаасындагы кыргызстандыктардын коомдук уюмдарынын негизинде түзүлгөн Координациялык Кеңеш уюштурган (Lzt).

XS
SM
MD
LG