Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

"Интерфакс": Захарченко менен кошо канча киши өлгөнү белгисиз


Жума күнү кечиндеги жардырууда өздөрүн "Донецк Элдик Республикасы" ("ДНР") атап алган аймактын жетекчиси Александр Захарченко менен кошо канча киши каза таап, канчасы жарадар болгону белгисиз бойдон калууда.

Орусиянын маалымат агенттиктери “ДНРдеги” өз булактарына таянып, жардыруудан Захарченко гана каза болуп, бири нече адам анын ичинен жикчилдердин дагы бир лидери - Александр Тимофеев жабыркаганын кабарлаган.

Кийинчерээк "Интерфакстын” булактары "он бир киши жарадар болгон же өлгөн" деп билдирген. Алардын арасынан канчасы өлүп, канчасы жарадар болгону тууралуу так маалымат жок. Социалдык тармактарда беш киши каза болгону тууралуу такталбаган маалыматтар чыгып жатат.

Жардыруу Донецктин чок ортосундагы "Сепар" ресторанында болгон.

“ДНРдеги” жикчилдерди өзүн "вице-премьер” деп атаган Дмитрий Трапезников башкарууда. Ал Донецкидеги маалымат жыйында бир нече адам кармалганын, алар Захарченкого кол салууну уюштурганын жана Украинанын Коопсуздук кызматы менен байланышын моюнга алганын айтты.

Украина Захарченконун өлүмүнө орусиялык жогорку кызматтагы бир нече саясатчыларды анын ичинен Мамдуманын башчысы Вячеслав Володинди айыптады.

Орусиянын президенти Владимир Путин жикчилдердин лидеринин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтып, “кылмышты түштүк-батыштын жашоочулары менен реалдуу диалогго баргысы келбегендер жасады”,- деди.

Орусиянын ТИМинин өкүлү Мария Захарова маркумду “чыныгы элдик лидер” деп атады.

Украина болсо Орусиянын айыптоосун четке какты. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марьяна Беца “Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Захарченконун өлүмү боюнча өтө ыкчам реакциясы - бул алар колдоп, каржылап жүргөн марионеткаларды калкалоо аракети” деп жазды.

Орусия өзүн "Донецк Элдик Республикасы" (ДНР) атап алган аймакты расмий тааныбайт. Бирок Украина жана Батыш өлкөлөрү Москва жикчилдерди аскердик жактан колдорун айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG