Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:00

Теле алып баруучу жол кырсыгына милицияны айыптады


Алып баруучу Айжамал Осмонова 31-августта Бишкектин Медеров көчөсүндө болгон жол кырсыгына милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат. "Toyota Camry" үлгүсүндөгү автоунаанын ээси Осмонованын айтымында, аны милиция кызматкерлери айдап жүргөн машине сүзгөн.

- Жашыл күйүп турганда сол тилкеде келаткам. Кадимкидей эле бардык машиналар менен бирдей баратканбыз. Эч кандай сигнал берилген эмес. Анан эле бир машине келип катуу сүздү. Мен бир аз солго бурганга жетиштим. Болбой эле машинем айланып барып, каршы тилкеге туруп калдым. Сүзгөн машине милицияныкы экен.

Азыр ал кырсыктан мээси чайкалып, республикалык ооруканада дарыланып жатканын билдирди. Осмонова жол кырсыгына катышкан милиция кызматкерлери аны күнөөлөп жатканын айтууда.

Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалык тергөө иштери башталганын кабарлады. Жол кырсыгына кабылган кызматтык автоунаа Октябрь райондук милиция бөлүмүнө тийиштүү болгон.

Айжамал Осмонова - көңүл ачуу программаларды алып барат жана чет өлкөлөрдө өткөн ар кандай сулуулар сынактарына катышып келет. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG