Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

Көчмөндөр оюнунун ачылышы 2-сентябрда болот

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун салтанаттуу ачылышы 2-сентябрда кечки саат 8де башталат. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Капаров маалымдады.

Чолпон-Ата шаарында өтө турган салтанатта коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери иштеп жатат. Театрлаштырылган оюн-зоокторду коюу үчүн миңден ашык өнөрпоз тартылган.

Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн 40тай өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG