Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

"ДНР": Захарченконун жансакчысы дагы каза болгон


Донецкидеги жардыруудан жикчилдердин лидери Захарченко менен кошо анын жансакчысы дагы набыт болуп, 12 киши жараат алган. Бул тууралуу өзүн "республика" деп атап алган аймактын «Саламаттык сактоо министрлигинин» жетекчиси "Донецки" агенттигине кабарлаган.

«Коммерсант» гезити өз булактарына таянып, бомба ресторандагы асма шамга коюлганын, мобилдик телефон аркылуу ишке кириши мүмкүн экенин жазып чыгышты.

Жардыруу Донецкинин чок ортосундагы "Сепар" ресторанында болгон. “ДНРди” учурда өзүн "вице-премьер” деп атаган Дмитрий Трапезников башкарып жатат. Ал Донецкидеги маалымат жыйында бир нече адам кармалганын айтты. "Алар Захарченкого кол салууну уюштурган жана Украинанын Коопсуздук кызматы менен байланышын моюнга алды", -деди Трапезников.

Бирок ал канча адам кармалганын тактаган жок. Трапезников маркумдун сөөгү 2-сентябрда жерге берилерин кошумчалады.

Захарченконун өлүмүнөн кийин “ДНР” коменданттык саатты узартты. Ал эми жикчилдердин “Луганск элдик республикасында” жогорку даярдыктагы аскердик режим жарыяланды.

“Донецк элдик республикасында” жикчилдердин лидери Захарченко 31-августта каза болду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги буга Украинаны айыптап жатат. Киев бул дооматты четке кагууда. Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү Игорь Гуськов Захарченконун өлүмүнө жикчилдердин ички тиреши же орусиялык атайын кызматтын аракети себеп болушу ыктымал экенин айтты. (TSh)

XS
SM
MD
LG