Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Сочиге Boeing 737 учагы авариялык абалда конду


Москвадан Сочиге учкан Utair компаниясынын Boeing 737 самолету багыт алган аба майданына авариялык абалда конду. Учакта 164 жүргүнчү жана алты экипаж болгон. Алардын ичинен 18 адам жараат алып ооруканага жеткирилди. Жүргүнчүлөрдү эвакуациялоо учурунда аэропорттун бир кызматкери каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча анын жүрөк оорусу кармап калган.

Ишембинин түнүндө учак экинчи жолку аракеттен кийин конгон. Ал учурда жамгыр катуу төгүп жаткан. Самолет учак тилкесинен чыгып, тосмону сүзгөн. Сол капталдагы мотору күйүп, канаты сынып кеткен.

Учак авариялык абалда конгондон кийин транспорт каражаттарын көзөмөлдөө мекемеси Utair компаниясын жана Сочи аба майданынын диспетчер кызматын текшерүүгө алды. Орусиянын тергөө комитети окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. (TSh)

XS
SM
MD
LG