Аракетчил, тырышчаак, билимге умтулган студенттер биздин сүрөт баянда.
Кыргызстанда окуп, ошол эле учурда иштеп да акча тапкан студенттер арбын. Айрымдары окуусу менен кесибин айкалыштырса, кээ бири такыр эле башка тармактарда иштейт.
Футболчу үчүн билимдүү болуу өтө маанилүү.
“Футболсуз жашоомду элестете албайм. Бирок футбол ойноо бул убактылуу нерсе. Ал эми билимдүү болсоң кийин жакшы жумуштарда иштей аласың. Эгер мүмкүнчүлүк болсо машыктыруучу болуп, футболдо эле калам” - дейт Бейбарс.