Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Орусияда Бесландагы теракттын курмандыктары эскерилүүдө


Бесланда №1 мектептеги теракттын курмандыктары эскерилип жатат. Аза күтүү иш-чаралары үч күн аралыгында өтөт. Эскерүү 1-сентябрь, ишемби күнү мектептеги коңгуроо кагуу жана гүл коюу менен башталды.

Каза болгондордун туугандары шам, оюнчук жана бөтөлкөгө суу алып келип жатышат. Анткени ошол учурда туткундарга үч күн суу берилген эмес.

Эскерүү кечелери Владикавказда, Москвада, Санкт-Петербург жана башка шаарларда да өтүүдө.

2004-жылдын 1-сентябрында согушкерлер шаардын №1 мектебинде 1 200дөн ашык окуучу менен ата-энелерди барымтага алып, спортзалда үч күн бою кармашкан.

3-сентябрда коопсуздук күчтөрү чабуул коюп, бошотуу операциясы жүргөн. Терактта жана операция маалында 334 киши каза тапкан. Алардын 186сы балдар. Кол салууга жоопкерчиликти чечен согушкерлеринин лидерлеринин бири Шамил Басаев моюнуна алган.

2017-жылы Орусиянын Юстиция министрлиги Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимин аткарып, курман болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга 3 миллион евро төлөп берүүгө макул болгон.

Страсбургдагы сот "Беслан Энелери" демилгелүү тобунун бир нече арызын караган. Адам укуктары боюнча Европа соту бийлик барымтадагыларды бошотуу операциясын пландоодо көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап калууга жетиштүү аракет көргөн эмес деген чечим чыгарган.

Жергиликтүү бийлик бир нече жолу мемориал жайгашкан мектепти сүрдүрүп салууга аракет кылган. "Беслан Энелери" демилгелүү тобу буга каршы болуп келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG