Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Кыргызстанга Түркиянын президенти келди


Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен "Манас" аэропортуна түшүп жаткан учуру. 1-сентябрь, 2018-жыл.
Режеп Тайип Эрдоган жубайы менен "Манас" аэропортуна түшүп жаткан учуру. 1-сентябрь, 2018-жыл.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аба майданында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий жолугушуу аземинен кийин бир катар документтерге кол коюлат жана эки өлкө башчылары пресса үчүн билдирүү жасары күтүлүүдө.

Расмий визиттин экинчи күнү, 2- сентябрда эки өлкөнүн президенттери Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форумга барып, “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салып, Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышат.

Режеп Тайип Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана спикер Дастан Жумабеков менен да жолугат.

Кыргызстанга визитинин алкагында 2-сентябрда Түркиянын президенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябрда — Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин VI жыйынына катышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG