Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Жээнбеков менен Эрдогандын жолугушуусунда “гүленчилер” темасы дагы козголду (видео)


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Фетхуллах Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрүп, муну биротоло чечип алуу керектигин белгиледи.

- Бүгүнкү жолугушууда ФЕТО менен күрөш жаатында жасалчу кадамдарды сүйлөштүк. Эгер чынында эле тууган болсок, биз башыбыздан өткөргөндөрдү туугандарыбыз да көрүшүн каалабайбыз. Бизде болгон төңкөрүш аракети Кыргызстанда болбосун, - деген түрк президенти билим берүү тармагындагы кызматташтыкты “Маариф” фонду аркылуу ишке ашыра турганын айтты.

- Булар аскер, полиция жана мамлекеттин бардык тармактарына кирип төңкөрүш кылат. Бир тараптан бул террордук уюм менен күрөшүп жатып Кыргызстан дагы ФЕТОну актуалдуу темалардын катарынан чыгарып, башка позитивдүү темаларга басым жасайт деп ишенем. Тажрыйбаларыбыз менен ар дайым кыргыз туугандарыбыздын жанындабыз. Бул жагдайда Маариф фонду абдан маанилүү, - деди Эрдоган.

Ал эми Жээнбеков Түркияга каршы иштерди колдобой турганын, “Сапат” мектептери болсо мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин билдирди.

- "Сапат" мектептери мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Анан мен дагы айтып кетишим керек, биз боордош өлкөлөрбүз. Биздин жарандар Түркия мамлекетине кыянатчылык иштерге барбайт. Эгер кыргыз түрк мамилесине доо кетирчү аракеттер болсо андай адамдар катуу жоопкерчилик тартат.

Эрдоган "Сапаттын" ордуна "Маарифти" сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкарада жолуккан учурда дагы бул маселе көтөрүлгөн.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек каршы жооп берген жана түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген.​ Эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Ал 2-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябрда — Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин VI жыйынына катышат. (KJ/TSh)

XS
SM
MD
LG