Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Бишкекте борбордук жаңы мечит ачылды


Бишкектеги борбордук жаңы мечит. 2-сентябрь, 2018-жыл.
Бишкектеги борбордук жаңы мечит. 2-сентябрь, 2018-жыл.

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндө курулган борбордук жаңы мечит бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жана Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылды.

Мечиттин имаратынын долбоорун Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары иштеп чыккан. Анын курулушуна Түркия тарап 25 миллион доллар бөлгөн. Курулуш иштери 2012-жылы башталган.

Борбор Азиядагы эң ири мечиттердин бири экени айтылган имарат 10 миң адамга ылайыкташкан. Жалпы аянты 3,5 гектарды түзөт. Мечитте төрт мунара бар, ар биринин бийиктиги 70 метр. (NT)

XS
SM
MD
LG