Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш палестин качкындарына жардам берүү үчүн уюмдун Жакынкы Чыгыштагы агенттигин каржылоого эл аралык коомчулукту чакырды.
31-августта АКШ аталган агенттикке төлөм төлөөнү токтотууну чечкен. АКШнын расмий өкүлү Хизер Нойерт президенттик администрация агенттиктин ишин "туруксуз" деп баалаганын жарыялады.
Анын айтымында, көп жылдан бери агенттик кризистик абалда, ушундан улам жардамга муктаж палестиндердин саны көбөйгөн.
Ошол эле маалда АКШ БУУ жана башка кызыкдар тараптар менен палестиндердин көйгөйүн чечүү боюнча жаңы ыкмалар тууралуу диалог баштоого даярдыгын айтты.
АКШнын агенттикке төлөмү жылына 350 миллиондой долларды түзгөн.