Ош шаарында бүгүн, 2-сентябрда катталган жол кырсыгынан алты киши жаракат алды. Азыр алардын төртөө ооруканада. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жараат алгандардын бири, 48 жаштагы аял реанимацияда жатат. Баштапкы диагноз боюнча анын колу жана буту сынган.
Жол кырсыгы түшкү саат 12.00 чамасында болгон. Окуя боюнча иликтөө башталды.
Кырсыкка эл ташыган 102-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу рулду башкара албай калганы себеп болгону маалымдалды. Натыйжада кичи автобустун айдоочусу алгач "Хонда-Фит" машинесин сүзүп, андан кийин көпүрөдөн кулап кеткен.