Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Көчмөндөр оюндарын 500дөн ашуун чет элдик журналист чагылдырат


Көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл, Кырчын жайлоосу. Сентябрь, 2016-жыл.
Көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл, Кырчын жайлоосу. Сентябрь, 2016-жыл.

Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 58 мамлекеттен 500дөн ашык журналист келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, оюндарды чагылдыруу үчүн чет мамлекеттик 50 телеканал, он эки радио, 67 маалымат агенттиги, 48 гезит, 50 блогер каттоодон өткөн.

Арасында BBC радиосу, Казакстандын «Хабар» телеканалы, канадалык «Journal of Nomads», «Aljazeera network», кытайлык CCTV, The New York Times, National Geographic Society, Associated Press, нидерланддык NRC-newspaper, Abu Dhabi Media телеканалы, Associated Press, «МИР», «Россия сегодня», «ТАСС», ВГТРК, “Интерфакс”, German TV ZDF- Moscow office, Матч ТВ, Анадолу, TRT, TRT EL Arabia, «Өзбекстан» улуттук телеканалы, «Маданият ва маърифар» өзбек каналы, украиналык «Urkpress.info», «Image.ua» журналы, “Франс Пресс”, германиялык Sputnik news Deutschland, эстониялык «Корелла Фильм» киностудиясы, жапониялык «Tosei» жана башка маалымат каражаттары бар.

Көчмөндөр оюндарын мындан тышкары кыргызстандык 70 маалымат каражатынын 700дөн ашык өкүлдөрү да чагылдырмакчы.

Темирбекова журналисттердин ыкчам иштеши үчүн бардык шарт түзүлгөнүн айтты.

Иш-чаранын ачылышы бүгүн, 2-сентябрда саат 20.00дө болот. (NT)

XS
SM
MD
LG