Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Көчмөндөр оюндары: программага спорттун 37 түрү кирди


Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Сентябрь, 2014-жыл.
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Сентябрь, 2014-жыл.

Ысык-Көлдөгү үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына спорттун 37 түрү киргизилди.

Бул тууралуу Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, 37 оюндун арасында ат чабыш, улуттук күрөш, жебе тартуу, "Салбуурун" сыяктуу оюндар бар. Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берди.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы бүгүн, 2-сентябрда кечки саат 20.00дө башталат. (NT)

XS
SM
MD
LG