Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Ысык-Көлгө келди


Нурсултан Назарбаев жана Кубатбек Боронов. Ысык-Көл. 2-сентябрь, 2018-жыл. Сүрөт Улуттук "Кабар" агенттигине таандык.
Нурсултан Назарбаев жана Кубатбек Боронов. Ысык-Көл. 2-сентябрь, 2018-жыл. Сүрөт Улуттук "Кабар" агенттигине таандык.

Бүгүн, 2-сентябрда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна конгон Нурсултан Назарбаевди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды.

Казак президенти Ысык-Көлдө саат 20.00дө баштала турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышмакчы.

3-сентябрда ал Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине да катышканы жатат.

Расмий маалыматка караганда, Назарбаевден тышкары Көчмөндөр оюндарынын ачылышына учурда Кыргызстанда эки күндүк расмий сапар менен жүргөн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Орусиянын субъектиси - Татарстандын жетекчиси Рустам Минниханов, венгер премьери Виктор Орбан келээри күтүлүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG