Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында жалпы командалык эсепте Кыргызстан 22-орунду алды.
Оюндарга Азиядагы 45 мамлекеттин спортчулары катышкан.
Кыргызстандын курама командасы 20 медалга ээ болду. Анын экөө алтын, алтоо күмүш, он экиси коло.
Алтын медалдарды Кыргызстанга жиу-житсу боюнча Төрөкан Багынбай уулу менен жеңил атлетчи Дарья Маслова алып беришти.
Бул оюндарда 289 медаль, анын 132си алтын менен Кытайдын курама командасы алдыга чыкты. Экинчи орунда жалпы 205 медаль жана анын 75и алтын менен Жапония турат. Үчүнчү орунду 177 медал, анын 49у алтын менен Түштүк Корея ээледи. Биринчи бешилтикке булардан кийин Индонезия менен Өзбекстандын курама командалары илинди.
XVIII Азия оюндары 18-августта башталган. Анын жабылыш салтанаты бүгүн, 2-сентябрда болот.
Кыргызстандан Азия оюндарына 150 атлет катышып, спорттун 28 түрү боюнча күч сынашты. Жалпысынан мелдештер спорттун 40 түрүнөн болду.
Кийинки оюндар 2022-жылы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.