Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркияда өтмөй болду


II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл, Кырчын жайлоосу. Сентябрь, 2014-жыл.
II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Ысык-Көл, Кырчын жайлоосу. Сентябрь, 2014-жыл.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2020-жылы Түркияда өтө турган болду. Бул тууралуу Кыргызстанда расмий сапар менен жүргөн түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен чогуу эки мамлекеттин стратегиялык кызматташтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан учурда билдирди.

Расмий маалыматка караганда, Эрдоган Түркия 2020-жылы төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү милдетин өзүнө алганын айтты. Оюндар Түркияда жогорку деңгээлде өтөөрүн кошумчалады.

Түрк президенти мындан тышкары Түркияда дарылануу үчүн кыргызстандыктарга квотаны көбөйтүү ниети бар экенин да билдирген.

Эрдоган Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен 1-сентябрда келген. Анын алкагында бүгүн Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына, эртең, 3-сентябрда Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммитине катышат.

Бүгүн кечки саат 20.00дө расмий ачыла турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат.

2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кыргызстан оюндардын кезегин Түркияга өткөрүп бере турганы кабарланган. Ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын дарегине бир катар сөздөрдү айткандан кийин, Анкара оюнду өткөрүүдөн баш тартып койгону айтылган.

Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркияга өткөрүп берүү маселеси каралып жатканын президенттик аппараттын өкүлдөрү маалымдашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG