Бүгүн, 2-сентябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Ысык-Көлгө келди. Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды.
Бул венгер премьер-министринин Кыргызстанга расмий сапары. Анын жүрүшүндө Орбан президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.
Бүгүн ал Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышмакчы.
Орбандан тышкары салтанатка Түркия менен Казакстандын президенттери да барышат.
Ачылышка катышуу үчүн бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көлгө Бириккен Араб Эмирлигинин Фужейра эмирлигинин канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль Шарки, Орусияга караган Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов да келди. (NT)