Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Дамасктын четинде бир канча жарылуу болду


Дамаск.
Дамаск.

2-сентябрга оогон түнү Дамасктын чет жакасында бир канча жарылуу болду. Times of Israel басылмасы бул жарылуулар Израилдин аба чабуулдарынан кийин болгонун кабарлады. Сириядагы адам укуктары обсерваториясынын башчысы Рами Абдул-Рахмандын “Франс-пресс” агенттигине берген маалыматына караганда, Израилдин ракеталары аскердик курал-жарак сакталган кампага келип түшкөн. Маалыматта авиация "Меззе" аэродромун бутага алган.

Чабуул болгонун президент Башар Асад менен кызматташкан Ливандын “Ал-Майдан” телеканалы да кабарлады. "РИА Новостинин" Сирия армиясындагы булактары ракеталык чабуул болгонун ырастап, бирок аны ким жасаганын айткан эмес. Сириянын мамлекеттик "Сана" агенттигинин маектеши Дамсктын четиндеги катар-катар жарылуулар “электр өткөргүчүнүн бузулуусунан” улам болгон деп маалымдады. Ал эми жасалган аба чабуулдардын мизин сириялык коргонуу техникалары кайтарганын да кошумчалаган.

Израилдин аба күчтөрү Сириянын аскер объекттерин буга чейин да бир канча жолу бутага алган. Дамаскка Израилдин аймактагы атаандашы Иран аскердик жана саясий жактан колдоп келе жатат.

XS
SM
MD
LG