Бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Фучик көчөсүндөгү №1 оорукананын жанына салынган бейтапкана кыргыз-түрк президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдогандын катышуусунда ачылды.
Ал "Кыргыз-түрк достук ооруканасы" деп аталды.
150 кишиге ылайыкташкан бейтапкананын курулушуна Түркия акча бөлгөн. Курулуш иштери 2016-жылдын июлунда башталган.
Ооруканага заманбап диагностикалык жабдуулар коюлуп, кардиология, жүрөк, тамыр хирургиясы, интервенциялык радиология, гастроэнтерология сыяктуу бөлүмдөр ишке киргизилээри айтылган. Имарат Бишкектеги №1 оорукананын базасында иштейт.
Эки өлкө президенттеринин жубайлары мындан тышкары Бишкектеги Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышты. (NT)