Ишемби күнү Германиянын түштүк-чыгышындагы Хемниц шаарында өлкөнүн миграциялык саясатын колдогондор жана ага каршылар катышкан акцияда 300дөй адам кармалды. “Билд” басылмасынын жазышынча, кагылышууда 11 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Демонстрацияга эки тарапты кошкондо 9,5 миңдей адам катышкан. Коопсуздукту 2000дей полиция камсыздады.
Хемницте оңчулдар 26-августтан бери нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Ага бир күн мурда түндө шаардагы көчө фестивалы учурунда 35 жаштагы жергиликтүү тургун бычакталып өлтүрүлгөнү себеп болду. Андан тышкары 33 жана 38 жаштагы эки немис жараны да жарадар болгон. Бул окуяга шектүү катары 23 жаштагы сириялык жана 22 жаштагы ирактык качкындар кармалган. Антимигранттык акцияга келгендер - негизинен Европанын исламдашып баратканына каршы ураандары менен белгилүү оңчул-популисттик “Пегида” партиясынын жана Бундестагдагы улутчул “Германия үчүн альтернатива” партиясынын тарапкерлери. Алар Ангела Меркелдин миграциялык саясатын сындап жүрүшөт.
Германиянын канцлери Ангела Меркел 2015-жылы Жакынкы Чыгыштагы Сирия, Ирак сыяктуу мамлекеттерден, Түндүк Африка менен Ооганстандан 1,3 миллион качкынды жана мигрантты кабыл алууга макул болгон.