Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылды


Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Ысык-Көл, Бактуу-Долоноту айылы. 2-сентябрь, 2018-жыл
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы. Ысык-Көл, Бактуу-Долоноту айылы. 2-сентябрь, 2018-жыл

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүн, 2-сентябрда саат 20.00дө Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданда салтанаттуу түрдө ачылды. Азыр салтанат театралдаштырылган оюн-зоок, концерт менен коштолуп, уланып жатат.

Жаштар иштери, маданият жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун айтымында, ушул күнгө чейин оюндарга катышуу үчүн 66 мамлекеттен жана Орусиянын он бир субъектисинен 1556 киши арыз берген. Оюндардын программасына спорттун 37 түрү киргизилди.

Маалыматка караганда, быйылкы жылы 594 медал ойнотулат. Анын 174ү алтын, 173ү күмүш, 247си коло. Быйылкы оюндардын жалпы байге фонду 28 миллион сом деп эсептелди.

Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.

"Азаттык" өз сайтында оюндардын ачылышын түз алып көрсөтүүдө.

Салтанатка Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Татарстан президенттери, Венгрия премьер-министри, БАЭге караган Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы күбө болуп жатышат. (NT)

XS
SM
MD
LG