Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Эрдоган Кыргызстанды түрк лирасы менен соода жүргүзүүгө чакырды


Түрк лирасы жыл башынан бери АКШ долларына карата 40%га нарксызданды.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанды түрк лирасы менен экономикалык алака жүргүзүүгө чакырды. Эрдоган бул тууралуу Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жүрүшүндө, 2-сентябрда Бишкекте өткөн кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышкан учурда айтты.

Түрк президентинин билдирүүсүндө, доллар Түркиянын экономикасына терс таасир тийгизүүдө.

Анкара өз валютасы - лираны Кытай жана Орусия менен соода-экономикалык кызматташтыкта активдештирип жатат. Эрдоган ушундай эле мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстан менен кызматташтыкта да карап көрүүнү сунуштады.

АКШ августтун башында Түркиянын тышкы иштер жана юстиция министрлерине санкция киргизген. Анкара да Америкага дал ушундай өңүттө жооп берген. Кийинчерээк АКШнын президенти Дональд Трамп түрк болоту менен алюминийине бажы төлөмдөрүн жогорулаткан. Бул билдирүүлөрдүн фонунда лира арзандаган.

Президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук валютанын алсыроосун Анкаранын өз алдынча саясатына каршы акция деп баалаган. Жыл башынан бери түрк лирасынын куну 45% төмөндөп кетти. Мындан улам Эрдоган АКШда өндүрүлгөн электрондук товарларга бойкот жарыялоого чакырган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (20)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG