Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 мамлекет, Орусиянын 11 субъектисинен келген (жалпы 77) 1556 спортчу катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Маалыматка караганда, катышуучулар күрөш, алыш, ат чабыш, жаа атуу сыяктуу спорттун 37 түрү боюнча күч сынашат.
Оюндардын салтанаттуу ачылышы 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда болуп, аны президент Сооронбай Жээнбеков расмий түрдө ачты.
Ачылышка Казакстан, Түркия, Орусияга караган Татарстандын президенттери, Венгриянын премьер-министри, БАЭдин Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы жана башка чет элдик коноктор, кыргызстандыктар күбө болушту.
Жээнбековдун сөзүнөн мурда көрүүчүлөргө театралдаштырылган оюн-зоок тартууланды. Анда адамзат, көчмөндөр маданиятынын тарыхы чагылдырылган. Андан кийин жүздөгөн бийчилердин катышуусунда көчмөндөр турмушу менен маданиятын чагылдырган бий жасалгалуу декорациялар менен көрсөтүлдү. Оюндарга катыша турган мамлекеттердин өкүлдөрүнүн парады болду.
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар 2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. (NT)