Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

ДКО-2018. Көкбөрү: Кыргызстан Монголияга 29 улак таштады


Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргызстандык көкбөрүчүлөр алгачкы оюнун Монголия менен ойноду. 3-сентябрдагы беттеш ири эсеп менен кыргызстандыктардын пайдасына аяктап, жалпы жыйынтык 29:5 болду.

Алдыдагы күндөрү Кыргызстан Алтай республикасы менен тайпалык оюндардын алкагында ойнойт. 3-сентябрда Москва (Орусия) шаарынын улакчылары менен Ооганстан, Казакстан-Красноярск, Башкыртстан менен Өзбекстан командалары упай талашат. Жалпысынан Көчмөндөр оюндарына көкбөрүдөн 11 команда катышууда. Финалдык беттештер 8-сентябрда болот.

3-сентябрда III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында спортчулар 18 медал топтому үчүн алыш жана кол күрөштөн да күч сынашат. Алыш күрөшүнөн эркектер жана кыз-келиндер арасында алтыдан салмакта балбандар килемге чыкса, кол күрөштөн эркектер арасында төрт, кыз-келиндер арасында эки салмакта байгелер берилет. (SDz\ECh)

XS
SM
MD
LG