Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:11

Ошто көпүрөдөн кулаган автобустагы жүргүнчүнүн абалы оор


Ош шаарында көпүрөдөн кулаган кичи автобустагы бир жүргүнчүнүн абалы оор. 48 жаштагы аялдын буту жана колу сынганын, учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсыкта алты жүргүнчү жараат алган. Алардын төртөө тез жардам көрсөтүлгөн соң үйгө кетишкен. Экөө ооруканада жатат.

Окуя 2-сентябрда түш ченде Филармониянын жанындагы чоң көпүрөдө болгон. Расмий маалыматка караганда, 102-каттамдагы кичи автобустун айдоочусу башкарууну жоготуп, сол тарапта турган автомашинаны сүзүп, андан соң көпүрөдөн төмөн карай оодарылып кеткен.

27 жаштагы айдоочу жараат алган эмес. Ал кол телефону колунан түшүп кетип, аны алууга аракет кылып жаткан учурда башкарууну жоготуп койгону айтылууда.

Экспертиза айдоочу мас эместигин аныктады. Милиция териштирүү иштерин улантууда. (MdN)

XS
SM
MD
LG