Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

“Левада-борбору”: пенсиядан улам орусиялыктардын 53% көчөгө чыгууга даяр


Саратов шаарындагы нааразылык акциясы. 2-сентябрь, 2018-жыл.
Саратов шаарындагы нааразылык акциясы. 2-сентябрь, 2018-жыл.

Москвадагы “Левада-борбордун” акыркы сурамжылоосу мына ушундай тыянакты көргөздү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун орус кызматы кабарлады.

Буга чейин июль айындагы сурамжылоодо ага катышкандардын үчтөн бири гана пенсия реформасынан улам нааразылыкка чыгууга даяр экенин, 53% митингдерге катышууга даярдыгынан күмөн санарын айтышкан.

Орусияда өкмөт сунуш кылган пенсия реформасы боюнча бир нече айдан бери өтүп жаткан нааразылык акцияларын президент Владимир Путиндин кайрылуусу да токтото алган жок. Пенсия реформасына каршылар 2-сентябрда да бир нече шаарда көчөгө чыгышты. Кийинки ири акция 9-сентябрда Москвада мерчемделүүдө.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун июль айында биринчи окуудан жактырган.

Бирок президент Владимир Путин 29-августтагы телекайрылуусунда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын жарыялаган.

Ага ылайык, маселен, эми аялдардын пенсияга чыгуу курагы өкмөт сунуш кылгандай сегиз эмес, беш жылга гана көтөрүлүп, 60 жаш болот.

Путин пенсия реформасынын зарылдыгын өлкөнүн демографиялык көйгөйлөрү менен түшүндүргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG