Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Түркияда чек арадан чемоданда өткүсү келген өзбек жараны кармалды


Түркиянын чек арачылары чемодандан тапкан өзбек жараны.
Түркиянын чек арачылары чемодандан тапкан өзбек жараны.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун өзбек кызматынын кабарлоосуна караганда, Өзбекстандын жараны Түркияга Грузиянын жараны, 24 жаштагы жигитке караштуу чоң чемодандын ичинде өтүүгө аракеттенген.

Түркиянын медиасы чек арачылар аны Грузия-Түркия чек арасындагы “Сарп” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1-сентябрда кармаганын маалымдашкан.

Кийин териштирүү учурунда чемодандын ичинен чыккан аялга, Өзбекстандын 27 жаштагы жаранына Түркия кирүүсүнө беш жылга чейин тыюу салынганы билинген.

Түрк полициясы Өзбекстандын да, Грузиянын да жарандарын камакка алып, аларга кылмыш ишин козгогон.(UE)

XS
SM
MD
LG