Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Мьянмада "Рейтердин" журналисттери жети жылга эркинен ажыратылды


Соттолгон журналисттер Сое Оо (солдо) жана Ва Лон (оңдо) сотто. 3-сентябрь, 2018-жыл.
Соттолгон журналисттер Сое Оо (солдо) жана Ва Лон (оңдо) сотто. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Мьянманын соту "мамлекеттик сыр тууралуу мыйзамды бузду" деген айып менен "Reuters" агенттигинин эки журналистин жети жылга түрмөгө кести. Мьянманын жарандары Ва Лон менен Сое Оо былтыр декабрь айында, Ракхайн штатында рохинжа мусулмандарынын өлтүрүлүшүн иликтеп жүргөн учурда камакка алынышкан.

Тергөөнүн ырастоосунда, журналисттер армия менен полициянын кыймыл-аракети боюнча жашыруун документтерди алышкан. Аларга бул документтерди эки полициячы берген. Сот жараяны учурунда журналисттер күнөөсүн мойнуна алышкан эмес.

"Reuters" агенттигинин башкы редактору Стивен Адлер кабарчыларынын соттолушун “Мьянманын өзү жана дүйнөлүк пресса үчүн кайгылуу күн” деп мүнөздөдү. Улуттар уюму жана Евробиримдик Мьянманын өкмөтүн кабарчыларды бошотуп, алардын сөз эркиндигине болгон укугун урматтоого чакырды.

Мьянмадан Ракхайн штатынан 700 миңдей рохинжа мусулмандары былтыр августта качууга аргасыз болушуп, көбү коңшу Бангладешке ооп келишкен.

"Чек арасыз дарыгерлер" (MSF) уюму былтыр 25-августтан 24-сентябрга чейин Ракхайн штатында кеминде 6700 киши өлгөнүн билдирип, анын 72% зомбулуктун курмандыгы болгонун белгилеген.

БУУ жана АКШнын расмий өкүлдөрү рохинжа мусулмандары туш болгон кырдаалды “этностук тазалоо” катары мүнөздөшкөн.

Мьянманын аскердик жетекчилиги "жайкын тургандарды атайылап бутага алды" деген дооматтарды четке кагып, Ракхайн штатындагы коопсуздук операцияларына рохинжа мусулмандарынан чыккан согушкерлердин чабуулдары себеп болгонун айтып келет.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG