Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Жапониянын компаниялары Ирандан мунай алууну токтоткону жатат


Ирандын мунай тартуучу танкери.
Ирандын мунай тартуучу танкери.

Бул тууралуу жапон медиасы кабарлоодо. Алардын маалыматына караганда, Жапониянын Ирандан чийки мунайды дүңүнөн сатып алган компаниялары бул сооданы келерки айдан тарта токтотууга даярданып жатат. Башкы себеп - АКШнын Иранга каршы экономикалык санкциялары.

Жапония мунайдын 80% Жакынкы Чыгыштан импорттойт. Иран ага кара май саткан өлкөлөрдүн катарында алтынчы орунда турат.

АКШ Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден чыгып кеткенине байланыштуу Вашингтондун Тегеранга каршы экономикалык санкциялары баскыч-баскыч менен калыбына келүүдө.

Санкциялардын август айынын башына тарта калыбына келген алгачкы баскычы Ирандын автоунаа секторун, алтын жана башка металлдар менен соодасын бутага алды. Ал эми 6-ноябрдан тартып күчкө кирүүчү кийинки баскычы Ирандын энергетика секторун, мунайга байланышкан жана Борбордук банктын акча которуу жолдоруна каршы багытталат.

Америкалык расмий өкүлдөр ошондой эле алар алдыда башка мамлекеттер Ирандан мунай импорттоосун “нөлгө” түшүрүү багытында иш жүргүзөрүн билдиришкен. Иран бийлиги мындай такыр мүмкүн эместигин айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп быйыл майда өз өлкөсү келишимден чыкканын жарыялаганда Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ошол келишимдин “маңызын” бузуп жатканын жүйө келтирген.

Келишимдин калган катышуучулары - Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай аны сактоого убада беришкен. (UE)

XS
SM
MD
LG