Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммитинде сүйлөп жатып экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды:
- Баарыбыз көрүп тургандай, учурда эл аралык майдандагы туруксуз жагдай глобалдык өнүгүүгө сезилерлик даражада терс таасир көрсөтүүдө. Азыр бул тууралуу урматтуу президенттер, өзүңөр да белгилеп өттүңөр. Ооганстандагы көйгөйдүн токтобой келатканы, Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кескин абал сакталып турганы чөлкөмгө түздөн-түз таасир тийгизип жатат. Чөлкөмдөгү тынчтыкты, бейпилдикти сактоо үчүн экстремизм жана терроризмге каршы активдүү күрөшүү зарылчылыгы барган сайын артып баратат.
3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Өзбекстан уюмга азырынча мүчө эмес.
Кеңешке жаңы башкы катчы болуп бекитилген Казакстандын өкүлү Багдат Амреев Өзбекстан азырынча уюмга кошула электигин, "жакын арада толук кандуу мүчө болот" деп ишенерин белгиледи.
2010-жылы расмий иштей баштаган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө. Быйыл Венгрия байкоочу катары катышты. (BkA)