Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:33

Эрдоган доллар маселесин Түрк кеңешинин саммитинде да көтөрдү


Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-сентябрда Чолпон - Атадагы саммитте буларды айтты:

- Эл аралык соода жүгүртүүнүн долларга карата көз каранды болуп калышы учурда тоскоол боло баштады. Биз бул тармакта өз улуттук акчабыз менен соода жүгүртүү маселесин талкуулоону сунуштайбыз. Улуттук жана жергиликтүү валютага өтүшүбүз шарт.

Эрдоган саммитке чейин мындай сөздөрдү Бишкектеги расмий сапары учурунда кыргыз-түрк ишкер форумунда да айткан.

Түркияда август айында инфляциянын көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 18% жогорулаганы билинген соң 3-сентябрда лира дагы 1,5 пайызга нарксызданды. Ал эми жыл башынан бери Түркиянын улуттук акчасы 42% кунун жоготту.

Лиранын куну кетишинин жаңы баскычы АКШ 10-августтан тартып бул өлкөдө өндүрүлгөн болотко 50%, алюминийге 20% кошумча бажы салыгын киргизгенден кийинки учурга туш келди.

Көз карандысыз эксперттер лиранын алсырашын Түркиянын бир нече жылдан бери топтолуп калган ички экономикалык көйгөйлөрүнө байланыштырып жатышат. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG