Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Украина НАТО менен биргелешкен аскерий машыгууларын баштады


НАТО-Украина аскерий машыгуусунун катышуучулары. 3-сентябрь, 2018-жыл.
НАТО-Украина аскерий машыгуусунун катышуучулары. 3-сентябрь, 2018-жыл.

Өлкө батышындагы Львов облусунда 3-сентябрда башталган "Rapid Trident-2018" аттуу машыгууларга 14 мамлекеттен, анын ичинде АКШдан 2200дөй аскер катышууда. 15-сентябрга чейин өтө турган машыгууларга Украинадан 350дөй аскер бөлүгү тартылат. Өлкөнүн Улуттук гвардиясынын жана Чек ара кызматынын аскерлери НАТО күчтөрү менен машыгууларга биринчи жолу чакырылды.

АКШнын Киевдеги элчиси Мари Йованович ачылыш салтанатында "машыгууларга катышып жаткан мамлекеттердин баары Украинанын коопсуздугуна, суверенитетине, аймактык бүтүндүгүнө тилектеш экенин" белгиледи.

Өткөн аптада Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 1981-жылдан берки эң ири аскерий машыгуу өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө 11-15-сентябрда өткөрүлүп, ага Кытай менен Монголия да катышарын жарыялаган.

Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин НАТО "Чыгыш фланг", Орусия "Батыш фланг" деп атаган аймактарда аскердик турумдарын чыңдаган. Ошондой эле алар бул аймактарда бир нече ирет аскердик машыгууларды уюштурушту. Быйыл октябрь-ноябрь айларында “Чыгыш флангда” НАТОнун да ири машыгуулары өткөнү турат. (UE)

XS
SM
MD
LG