Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кытай Африкага дагы 60 миллиард доллар сунуш кылды


Кытай-Африка саммитинин ачылыш салтанаты. Бээжин, 3-сентябрь, 2018-жыл.
Кытай-Африка саммитинин ачылыш салтанаты. Бээжин, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 3-сентябрда Бээжинде Африка лидерлери менен ири саммиттин ачылышында сүйлөгөндө бул континенттин өлкөлөрүнө өнүгүүнү убада кылды.

Си Цзинпин билдиргендей, Бээжин Африкага жаңыдан берүүнө көздөгөн 60 миллиард доллар акчанын 15 миллиард доллары жардам, үстөгү төмөн насыя, концессиялык кредит, 20 миллиард доллары кредит болот. Ал эми 10 миллиардды Кытай - Африка өнүгүү коруна, беш миллиардды Африкадан товар импорттоо боюнча атайын корго бөлүнөт.

Кытай лидери алардын компаниялары алдыдагы үч жылда Африка континентине он миллиарддан кем эмес инвестиция салуусуна колдоо көргөзүлөрүн да кошумчалады. Бээжин Африка мамлекеттерине мындан үч жыл мурун Түштүк Африкадагы саммитте да 60 миллиард доллар убада кылган.Кытай кара континент менен карым-катышында “карызга батыруу” дипломатиясын колдонот деген ырастоолорду четке кагып келет.

АКШнын Жон Хопкинкс университетиндеги “Кытай-Африка изилдөө демилгеси” борбору келтирген маалыматтарга караганда, 2000-2016-жылдардын аралыгында Бээжин Африкага 125 миллиард доллар насыя бөлгөн.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, мамлекеттик “Синьхуа” агенттигинин жазганына караганда, 3-сентябрда Бээжин Африканы “бир куур - бир жол” демилгесине катыштырууну көздөйт, мунун алкагында инвестиция берүүдө “эч кандай саясий шарт койбойт” деп ырастады. (UE)

XS
SM
MD
LG