Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Депутат экени айтылып жаткан шектүүгө издөө жарыяланды


Токмок шаарында "бир кишини бычактады" деп шек саналып жаткан, 1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранга расмий издөө жарыяланды. Анын бөгөт чарасы сотто каралып, камакка алынсын деген айыбы сыртынан угузулду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

26-август күнү Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренеси ("Адамдын өмүрүнө кол салуу") менен иш козголгон.

Буга чейин жергиликтүү массалык маалымат каражаттары кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазышкан. Бирок милиция бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG