Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:42

Жээнбеков менен Орбандын жолугушуусу башталды

Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусу башталды. Жолугушууда кыргыз-венгер кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Жолугушуудан соң бир катар документтерге кол коюлуп, журналисттер үчүн жыйын өтөт. Азырынча кайсы тармактагы келишимдерге кол коюла турганы айтыла элек.

Виктор Орбан расмий сапар менен Кыргызстанга 2-сентябрда келген. Ал Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Атада өткөн Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтык кеңешинин VI саммитине байкоочу катары катышты.

Кыргызстан менен Венгриянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы түзүлгөн. Ошол убакыттан бери Венгриянын башчысы биринчи жолу расмий сапар менен Кыргызстанга келди. (BkA)

XS
SM
MD
LG