Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:41

Трамп үч өлкөнү "гуманитардык катачылыкка" жол бербөөгө чакырды


 Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Сирияны, Орусияны жана Иранды Сириянын лидери Башар Асад Идлиб провинциясына чабуул койсо "олуттуу гуманитардык каталыктан оолак болууну" эскертти.

"Президент Башар Асад Ибдлибге акылсыздык кылып чабуул койбошу керек. Орустар жана ирандыктар адам трагедиясына алып баруучу окуяга катышып чоң гуманитардык ката кетирет. Жүз миңдеген адамдар өлтүрүлүшү мүмкүн. Мындай болушуна жол бербегиле” - деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына.

Маалыматтарда Москва менен Дамаск Идлибге чабуул коюуга даярданууда. Идлиб - Сириянын куралдуу оппозициясынын акыркы таянычы жана анда үч миллиондой адам жашайт.

АКШ эгер Сирия аскерлери буга чейинки чабуулдардай эле химиялык курал колдонсо, Вашингтон жооп чара көрөрүн да эскерткен.

Улуттар уюмунун эсебинде, аскерий чабуулдан улам 800 миңдей адамда үй-жайын таштап качууга аргасыз болот деген тобокелчилик бар.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлибге чабуул коюуга даярданып жаткан кезде, 3-сентябрда Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Дамаскка барып, президент Башар Асад менен жолукту. Иран менен Орусия Башар Асадды колдосо, ал эми АКШ ага каршы.

Бул арада Сириядагы соңку кырдаалды талкуулоо үчүн Иран, Түркия жана Орусиянын лидерлери 7-сентябрда Тегеранда жолугушканы жатат.

XS
SM
MD
LG