Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

ЮНИСЕФ Кырчында көчмөндөрдүн балдар оюндарын уюштурду


Кырчын капчыгайында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдар оюндарын уюштуруп жатат. Этношаарчанын коноктору жамбы атмай, ит тартыш, шамдагай алакан, ашкабак чапмай жана башка оюндар менен таанышууда. Атайын тандалып алынган 25 оюн - бул балдары менен кызыктуу жана пайдалуу убакыт өткөрүү үчүн ата-энелерге жардам болчу оюндар тизмеси.

III ДКО Катчылыгынын жана ЮНИСЕФтин демилгеси боюнча, ушул жылдын июнь айында Балдар оюндарынын кербени уюштурулган. Бул кербен Кыргызстандын ар бир облусун кыдырып чыккан. Сапар Кант шаарынан башталып, Чолпон-Ата, Каракол, Кочкор, Нарын, Талас, Бакай-Ата, Сузак, Базар-Коргон, Ош, Араван, Баткен, Исфана, Бишкек шаарларында уланып, Кырчын капчыгайында жыйынтыкталды.

"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы менен ийгиликтүү кызматташтыктын натыйжасында Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган 5 миңден ашык бала жана алардын ата-энелери көчмөндөрдүн салттары тууралуу көбүрөөк маалымат алышып, улуттук оюндарды ойной алышты. ЮНИСЕФ балдарга өзгөчө эрте куракта мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүп, алар менен чогуу ойноого үндөп келатат. Ата-эне жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү балдарына канчалык көбүрөөк мээрим төгүп, кам көрүп, чогуу ойносо, баланын дене бою, акыл-эси, эмоционалдык жана социалдык өнүгүүсү ошончолук жакшы болот!", - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Ушул күндөрү Кырчында III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. 2-сентябрда башталган оюндарга 70ке жакын өлкө катышып, спорттун 37 түрүнөн 600гө жакын медаль ойнотулат. Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда жыйынтыкталат.

XS
SM
MD
LG