Брюсселдеги европалык дипломаттар Москванын Крымды аннексиялап, Украина чыгышындагы урушка кийлигишкени үчүн Орусияга салынган санкцияларды дагы алты айга узартууну макулдашканын "Азаттыктын" орус кызматы жазды.
Бул чечимди элчилер эми 5-сентябрдагы жыйынында бекитишет. Европа Биримдигине мүчө 28 мамлекеттин элчилери Орусияга каршы санкцияларды узартууну макулдашканын ТАСС агенттиги да кабарлады.
2014-жылдын 17-мартында киргизилген “кара тизмеде” 154 адам жана 44 уюм бар. Ал бир канча жолу узартылган. 31-июлда бул тизмеге аннексияланган Крымдагы Керч көпүрөсүн курууга катышкан орусиялык алты компания киргизилди. Санкциялык тизмедеги адамдарга Европа Биримдигине кирүүгө тыюу салынып, алардын активдери камакка алынат жана бизнес жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
2014-жылы Кремл Крым жарым аралын өзүнө караткан. Ушул жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарын Орусия колдогон жикчилдер өз ара республика деп атап алышкан. Ошондон бери алар борбордук өкмөткө баш ийбей, украин аскерлери менен согушуп келет.
БУУнун эсеби боюнча Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазында тутанган куралдуу кагылышуулардан ушул күнгө чейин 10 300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.