Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Крымда татар активисттеринин үйүндө тинтүү жүрдү


Крымдагы орусиялык күч кызматкерлери.
Крымдагы орусиялык күч кызматкерлери.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги аннексияланган Крым жарым аралындагы татар активисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзгөнү үчүн Орусияга нааразылыгын билдирди. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Марьяна Беца билдирди.

"Аннексияланган Крымдагы татарлардын укуктары бузулуп жатканына байланыштуу Орусияга нааразылык билдиребиз. Орусия адам укуктарынын эрежелерин жана БУУнун Эл аралык сотунун чечимдерин бузуп жатат" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Симферополдун жанындагы Каменка кичирайонундагы крым татары Марлен Мустафаевдин үйүндө укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөн. Кийинчерээк тинтүү активист Зарема Куламетованын үйүндө да болгону маалымдалган. Анын кызы Риана Кулматова апасын орус коопсуздук күчтөрү алып кеткенин айтты. Тинтүү иштери Эски Крым аймагында жашаган Абдуллах Якубовдун үйүндө да болду.

Орусиялык укук коргоо органдары тинтүүлөр боюнча түшүндүрмө бере элек.

2014-жылы аннексияланган Крымда жашаган көз карандысыз журналисттердин, жарандык активисттердин жана крым татарларынын үйүн орус коопсуздук күчтөрү буга чейин да бир канча жолу тинтүүгө алган.

XS
SM
MD
LG