Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Түркстанда ата-энелер хижабчан кыздары мектепке киргизилбегенине нааразы болууда


Мектепке чогулган ата-энелер.
Мектепке чогулган ата-энелер.

4-сентябрда Түркстан облусунун Фирдауси айылындагы орто мектепке 30 чакты ата-эне чогулуп, жоолукчан кыздарынын мектепке киргизилбегенине нааразылык билдиришти. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы маалымдагандай, мектептин жанында полиция кызматкерлери да турат.

3-сентябрда Фирдаусидеги орто мектепке жоолук салынып келген кыздар сабакка киргизилген эмес. Ондой кызды полиция кызматкерлери жана мектеп жетекчилиги киргизбей жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган.

Билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиевдин “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, мыйзам боюнча окуучулар мектепке жоолук менен киргизилбейт. Ал эми Фирдауси айылындагы мектептеги абалды изилдөө үчүн атайын комиссия жиберилерин кошумчалады.

Фирдауси мектеби. Сүрөт былтыр тартылган.
Фирдауси мектеби. Сүрөт былтыр тартылган.

Түркстан облустук билим берүү башкармалыгы да жоолук салынган кыздар мектепке киргизилбей жатканын ырастап, муну "мыйзам баарына бирдей" деген талап менен түшүндүрдү.

Фирдауси айылындагы хижаб кийген кыздар маселеси былтыр да көтөрүлгөн. Чимкенттен 300 чакырымдай ыраакта жайгашкан бул айылда негизинен тажик улутундагылар жашайт жана мектеп да тажик тилинде. Жергиликтүүлөр окуучулар жоолукту "улуттук каада-салттан улам салынат" деп айтышат.

Казакстанда мектепке жоолук салынып келген окуучулардын сабакка киргизбеген маселе былтыртан бери курч талкууланып келатат. 2016-жылы Билим берүү министрлиги мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган буйрук чыгарган.

XS
SM
MD
LG