Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Орусия Трамптын Идлиб боюнча эскертүүсүн четке какты


Идлиб шаары.
Идлиб шаары.

АКШнын президенти Дональд Трамп Сирияны, Орусияны жана Иранды Идлиб провинциясына чабуул койгон кезде "олуттуу гуманитардык катачылыктан оолак болууну" эскерткен.

"Президент Башар Асад Ибдлибге акылсыздык кылып чабуул койбошу керек. Орустар жана ирандыктар адам трагедиясына алып баруучу окуяга катышып, чоң гуманитардык ката кетирет. Жүз миңдеген адамдар өлтүрүлүшү мүмкүн. Мындай болушуна жол бербегиле”, - деп жазды Трамп "Твиттер" баракчасына.

Орусия АКШ президентинин эскертүүсүн четке кагып, “Идлибди терроризмдин очогу” деп атады.

"Идлибдеги абал Москваны, Дамаскты, Анкараны жана Тегеранды кабатыр кылат" деген Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун оюнча, аталган провинцияда жоочулардын болушу Сириядагы тынчтыкты орнотуу процессин үлгүлтүккө учуратат.

Песков 7-сентябрда Тегеранда Орусиянын, Ирандын жана Түркиянын президенттери талкуулай турган бирден бир тема Идлибдеги кырдаал болорун кошумчалады.

Маалыматтарда Москва менен Дамаск Идлибге чабуул коюуга даярданууда. Идлиб - Сириянын куралдуу оппозициясынын акыркы таянычы жана анда үч миллиондой адам жашайт. Сириядагы адам укуктары обсерваториясынын 4-сентябрдагы маалыматына караганда, орус учактары Башар Асаддын армиясына колдоо көргөзүү үчүн 22 күндүк тыныгуудан кийин Идлибге кайра чабуул коё баштады.

АКШ эгер Сирия аскерлери Идлибде буга чейинки чабуулдардай химиялык курал колдонсо, Вашингтон жооп чара көрөрүн да эскерткен.

БУУнун эсебинде, аскерий чабуулдан улам 800 миңдей адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болот деген тобокелдик бар.

XS
SM
MD
LG