Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Швецияда Гүлнара Каримовага пара берген деп шектелгендердин соту башталды


4-сентябрда Стокгольм сотунда Telia (TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясынын мурдагы жетекчилерине козголгон кылмыш иши карала башталды. Аталган компаниянын мурдагы аткаруучу директорлору Ларс Нюберг жана Теро Кивисаари, ошондой эле кеңешчиси Ули Туима Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага 350 миллион доллар пара берген деп айыпталууда. Тергөөнүн маалыматына караганда, бул үчөө аталган сумманы Каримовага Өзбекстан рыногуна кирүү жана бийликтен коргонуу үчүн берген.

Биринчи соттук отурумда процессуалдык маселелер талкууланды. Telia компаниясынын мурдагы жетекчилерине өкүм 2019-жылдын январь же февраль айында чыгышы мүмкүн.

2015-жылы Гүлнара Каримовага Швецияда, Швейцарияда жана АКШда кылмыш иштери козголгон. Ал иштерде мурдагы президенттин кызы миллиард доллардай акчаны кымырып алганы айтылган. Башкача айтканда, Каримова пара катары алты телекоммуникациялык компаниядан алган акча жөнүндө сөз болгон.

Өзбекстанда да Каримовага 53 миллион доллар кымырып алган деп кылмыш иши козголгон. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы былтыр 28-июлда берген маалыматка караганда, Гүлнара Каримова 2015-жылы августта, атасынын тирүү кезинде эле Ташкент соту аны салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана офшордогу компаниялардагы документтерди жок кылуу фактысы боюнча беш жылга соттогон.

Кийин Гүлнара Каримовага каршы дагы бир кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ага алдамчылык, чет элдик валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу боюнча айыптар коюлган.

Анын швейцариялык адвокаты Грегоир Мангеттин июнь айында берген маалыматына караганда, Каримова Ташкенттен болжолу үч сааттай аралыктагы абакта жазасын өтөп жатат.

XS
SM
MD
LG