Жапониянын жээгинде "Жеби" деп аталган тайфундан жүздөгөн киши ар кандай жараат алды. Шамалдын ылдымдыгы секундасына 200 метрге чейин жетип жатканы кабарланды.
Катуу добул Орусиянын Приморье жана Сахалин аймактарын да каптайт деген коркунуч бар. Бул аймактардын айрым райондорунда суунун деңгээли кескин көтөрүлдү.
Бул - Жапониядагы акыркы 25 жылдагы эн күчтүү тайфундардын бири. Өлкө батышында аба жана темир жол каттамдары убактылуу токтоп турат. Он миңдеген киши электр жарыксыз калды.
Июлдун башында "Прапирун" деп аталган тропикалык тайфундан Жапонияда 220дан ашык кишинин өмүрү кыйылган.