Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:58

Абактарда диний радикализмдин жайылышын токтотуу маселеси талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бүгүн абактарда диний радикализмдин жайылышын токтотуу маселеси талкууланат.

Борбор Азиядагы эл аралык түрмө реформасы уюму (PRI) жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы уюштуруп жаткан талкууда түрмөлөрдө радикализм менен экстремизмдин тарашынын алдын алуу үчүн жабык жайларда башкаруунун эл аралык стандарттарын киргизүү тууралуу сөз болот.

Ага Жогорку Кеңеш, өкмөт, Башкы прокуратура жана башка органдардын өкүлдөрү чакырылган.

Кыргызстанда диний экстремизм жана терроризм боюнча соттолгондор Чүй облусундагы №27, №47 жана №3 абактардын аймагындагы атайын бөлүнүп, тосмолонгон жайларда кармалат.

Түрмөлөрдө радикалдашуу күчөп жатат деген маалыматтардан улам абактардагы диний радикализм менен соттолгондорду башка кылмыштар менен кесилгендерден бөлүп, өзүнчө кармоо тажрыйбасы 2016-жылдын соңунда башталган. Кылмыштын бул түрү менен соттолгондор башка абактагыларды үгүттөп, абак жайларында катарын калыңдаткан учурлар байкалган.

Расмий маалыматка караганда, 2016-жылы өлкөнүн жабык жайларында терроризм жана экстремизм беренеси менен соттолгон 170 адам кармалса, 2017-жылы алардын саны 185ке жеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG