Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Бишкек ЖЭБдеги химиялык цех 90% жабдылып бүттү


Бишкек ЖЭБи. Химиялык цех. 05.09.2018
Бишкек ЖЭБи. Химиялык цех. 05.09.2018

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) химиялык цехтеги жабдыктардын 90% орнотулуп бүттү. Бул тууралуу 5-сентябрда «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, курулуш иштерин «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында ТВЕА компаниясы жүргүзүүдө. Химиялык цех 1-октябрга чейин курулуп бүтөрү айтылды

Июль айында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында ЖЭБге барганда "2018-жылдын январында болгон авариянын кайталанышына жол бербөө максатында Бишкек шаарынын ЖЭБ жетекчилиги Кытай компаниясы ишке ашырып жатканына карабастан, химиялык суу тазалоо жаңы цехинин курулуш иштерин аткаруунун жүрүшүнө мониторинг жасашы керек. Алдыдагы жылуулук мезгилине толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек” деп белгилеген.

Кытай тараптан берилген 386 млн. доллардын 360 миллион 445 миңи Бишкек ЖЭБин модернизациялоого иштетилгени кабарланган. Макулдашууга ылайык, калган 25 миллион 554 миң доллардын 19 миллион 300 миң доллары кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлгөн. Ал эми калдыктын 6 миллион долларына жаңы химиялык блок курулмак болгон. Муну да ЖЭБди модернизациялаган Кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырып жатат. (RK/ErN)

XS
SM
MD
LG