Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

АКШ Конгресси "Фейсбук" жана "Твиттердин" жетекчилерин угууларга чакырды


Иллюстрация
Иллюстрация

"Фейсбук" жана "Твиттердин" жетекчилери АКШ Сенатында орусиялык жана башка агенттердин алдыдагы шайлоого таасир этүүнүн алдын алуу аракеттери тууралуу суроолорго жооп беришмекчи.

Конгресске шайлоо 6-ноябрда өтөт. Конгрессмендер Орусия бул эки социалдык медиа компаниялары аркылуу 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө аралашууга аракеттенген деп сындап келишет.

Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык 13 кишиге "Фейсбук" жана "Твиттерде" жалган аккаунттарды ачып, АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүнү көздөшкөн деген айып таккан.

Сенаттын Чалгындоо комитетиндеги угуулар алдында "Фейсбуктун" негиздөөчүсү Марк Цукерберг анын компаниясы демократияга залака алып келүүнү максат кылган хакерлер менен “жарыша куралданууга” кириптер болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG