Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Эрдоган Идлибге чабуул "кыргынга" алып келерин эскертти


Идлиб, Сирия
Идлиб, Сирия

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириянын Идлиб провинциясына чабуул жасоо “кыргынга” алып келиши ыктымал деп эскертти.

Бул тууралуу Эрдоган 5-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынан кайтып келатып билдирди. Ушу тапта Сириянын өкмөттүк армиясы козголоңчулардын колундагы акыркы аймакты кайтарууга камданып жатышат.

Президент Идлибде айгышкан салгылашуу башталса, Түркияга агылган качкындардын саны көбөйөт деп айтты.

4-сентябрда Башар Асаддын негизги өнөктөшү Орусия 22 күндүк тыныгуудан кийин чөлкөмдү бомбалоону жандандырган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмдун маалыматына караганда, соңку соккудан 12 киши набыт болду.

Улуттар Уюму Идлибдеги 3 миллиондой жайкын тургундун 800 миңдейи салгылашуудан качып, үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушу мүмкүн деп эскертти. Сириядагы уруш 400 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогон адамдар жер которду. Анкара бул жаңжалда Асадга каршы оппозициядагы күчтөрдү колдогону менен Москва жана Тегеран менен бирге бир нече тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруп келген.

Эрдоган 7-сентябрда Тегеранда Иран жана Орусия президенттери менен кездешүүдө Сириядагы абалды талкуулайт деп күтүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG